Ноокен милициясын Алтынбек Мусаев жетектейт

Ноокен милициясын Алтынбек Мусаев жетектейт

Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги болуп милициянын подполковниги Алтынбек Мусаев дайындалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө жаңы жетекчи болуп Мусаев Алтынбек Бакытбекович дайындалган.  Кырк жаштагы Мусаевдин наамы подполковник.

Ал  Сузак районунда төрөлгөн. 2002-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМинин академиясын аяктап, ички иштер органдарында оперативдик кызматтарда иштеген. Алтынбек Мусаев буга чейин Ноокен РИИБинин жетекчисинин орун басары болуп эмгектенип келген. 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>