«Ну, погоди» мультфильминин жаңы версиясы чыкты — видео

«Ну, погоди» мультфильминин жаңы версиясы чыкты — видео

«Союзмультфильм» студиясы «Ну, погоди» долбоорун кайра баштайт. Мультфильмдин биринчи 3D трейлери студиянын YouTube каналына жарыяланды.

Айта кетсек, мультфильмдин жаңы версиясында карышкыр тамеки тартпайт жана алкоголдук ичимдиктерди ичпейт, анткени аны балдарга көрсөтүүгө тыюу салынган. Бирок карышкыр жаңы, зыяндуу адатка ээ болду — видеооюндарга ашыгы менен берилүү.

Каармандар олуттуу кайра иштетүүдөн өткөн. Мындан тышкары, буга чейин тааныш болгон карышкыр менен коён дуэтине бир нече жаңы каармандар кошулду.

Белгиленгендей, YouTube видеолоруна комментарийлер өчүрүлгөн. Мультфильмдин бет ачары ушул жылдын декабрь айында болушу керек.

Көптөгөн көрүүчүлөр мультфильмдин жаңыртылган версиясын жактырбай, анын жаратуучуларын сынга алышкан. Бирок «Союзмультфильм» бул долбоор балдар аудиториясы үчүн жасалганын айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>