Нур-Султан шаарынын жашоочусу резина куурчакка баш кошуу чечимин кабыл алды — видео

Нур-Султан шаарынын жашоочусу резина куурчакка баш кошуу чечимин кабыл алды — видео

Нур-Султан шаарынын жашоочусу Юрий Толочко резина куурчакка үйлөнүү үчүн анын колун сурады. Резина куурчактын колун сураган видеону Толочко өзүнүн инстаграм баракчасына жүктөгөнүн жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

34 жаштагы Толочко өзүнүн резина сүйүктүүсүн кадимки айымдардан эч нерсеси кем эмес экендигин айтат. Ал куурчак менен бардан таанышкан. Алар учурда бирге жашашат.

Юрийдин айтуусунда, күндүз экөө тең өз иштери менен алек. Ал куурчак Марго менен биргеликте эс алуучу жайларга, кино жана ресторандарга көп барат. Куурчактар аны бала кезинен бери кызыктырат. Маргону эс алуу жайларына алып бараарда ага ар кандай кийимдерди кийгизип алат.

Толочко Маргонун колун сураган видеосун инстаграм баракчасына киргизгенде аны куттуктагандар, урушкандар дагы болгон. Аларга карата Юрий Маргонун колун сурадым, бирок ал макулдугун бере элек деп жооп берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>