Нью-Йорк соту Кыргызстанга санкция салуу өтүнүчүн четке какты

Нью-Йорк соту Кыргызстанга санкция салуу өтүнүчүн четке какты

15-сентябрда Нью-Йорк соту «Центерра» компаниясынын Кыргызстанга санкция салуу өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу «Кумтөр» компаниясынан билдирди.

Сот «Центерранын» арызын карап чыгып, ал өтүнүчтү канааттандырган эмес.  Ошондой эле санкцияларды колдонуу жөнүндөгү арыз боюнча сот Кыргызстандын бир дагы аракети «автоматтык түрдө токтото туруу тартиби» азырынча бузулду деп айтууга болбостугун белгилеген.

Эскерте кетсек, «Центерра» компаниясы «Кумтөргө» байланыштуу соттук процесстер, тышкы башкаруунун узартылышынан улам Кыргызстан буга чейин сот чыгарган «автоматтык токтотуп туруу» чечимин бузду деген жүйө менен соттон Кыргызстанга күнүнө 1 млн доллар санкция салууну өтүнгөн.

Кыргызстан «Центерра Голд» компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында «Кумтөр Голд» ишканасына тыштан башкаруу киргизген. Ага байланыштуу «Центерра» Нью-Йорк сотуна доо арыз менен кайрылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>