Өкмөт өкүлү: Бишкекте дарыланып жаткан лейлектиктерге компенсация төлөндү

Өкмөт өкүлү: Бишкекте дарыланып жаткан лейлектиктерге компенсация төлөндү

Бишкек шаарында дарыланып жаткан Лейлектик жарандарга мамлекет тарабынан тийиштүү жардамдар берилүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан  билдиришти.

Белгилей кетсек, учурда чек ара чырында Тажик тараптан барымтага алынган кыргызстандыктардын бешөө Бишкек шаарына дарыланууда.

Бул беш жаранга Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин резервдик фондунан 8 миң сомдон акчалай жардам бөлүнгөн. Бул жарандар Бишкек шаарында дарыланып жаткандыктан, каражат үч жарандын жакындарына берилген. Ал эми экөөнө бүгүн банк аркылуу которулуп жатканы айтылат.

Мындан сырткары бул жарандардын үй-бүлөлөрүнө мамлекет тарабынан гуманитардык жардамдар жана коомдук уюмдар тарабынан акчалай жардамдар берилгени айтылат.

Буга чейин Чек ара чырында Тажикстан тарап барымтага алган Баткен облусунун тургундарына мамлекет убадалаган компенсация төлөнбөй жатканы айтылган.

Эске салсак, 28-30-апрель күндөрү Баткен облусу менен Тажикстандын чек арасында болуп өткөн куралдуу жаңжалда Лейлек районунун 10 жараны, тажик жарандары тарабынан барымтага алынып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 1-май күнү бошотулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>