Опера жана балет театры 13-декабрда иштеп баштайт

Опера жана балет театры 13-декабрда иштеп баштайт

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театры 13-декабрда иштеп баштайт. Бул тууралуу театрдан кабарлашты.

 Маалыматка ылайык, көрүүчүлөр санитардык талаптарды сактап бет кап менен баруусу керек. Ал эми орундуктарга отурууда аралык сакталууга тийиш.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясынан улам март айынан бери өлкөдөгү эл көп чогулчу маданий жана эс алуу жайлар ишин токтоткон.

1-декабрдан тартып кинотеатрлар, компьютердик клубдар жана соода борборлорунун ичиндеги коомдук тамактануучу жайлар ишин жандантты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>