Орус активисти орусиялыктарды мигранттардын алдында чөгөлөөгө чакырды — ВИДЕО

Орус активисти орусиялыктарды мигранттардын алдында чөгөлөөгө чакырды — ВИДЕО

Орус активисти орусиялыктарды мигранттардын алдында чөгөлөөгө чакырды. Бул тууралуу «Московский комсомолец» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Москва шаарынын тургуну Александр Андриянов өзүнүн «ВКонтакте»  социалдык түйүнүндөгү баракчасына «Migrants lives matter»  (мигранттардын жашоосу маанилүү) кыймылынын түзүлгөнү тууралуу жазган.

Ал баардык адамдарга бирдей мамиле кылуу зарылдыгын айтып, Орусиянын жашоочулары мигранттарга экинчи сорттогу адамдардай мамиле кыларын белгилеген.

Буга мигранттардын дайым катуу текшерүүгө алынып, көп учурда кемсинтүүгө кабылып, жада калса айрым учурда жөн эле иштеген акчаларын да ала албай кыйналарын мисал келтирген. Ошондой эле мигранттар шарты жок тар булганыч жерлерде жашаарын да кошумчалап, адамдын баары жер планетасынын жашоочулары экендигин бирдей сый мамилеге татыктуулугун жазган.

Ал мигранттарга кандай мамиле кылуу керектигин иш жүзүндө көргөзүп, өзү тизелеп туруп мигранттын бутун тазалап жатканын видеого тартып жарыялаган.

Бирок активисттин демилгеси орус коомчулугунун сынына кабылып, кызуу талкууну жаратып жатат.
‌Аны орус интернет айдыңында шылдыңга алып, Америкадагы кара түстөгү адамдар кул катары алынып барылса, Орусиядагы мигранттар өз каалоосу менен барышканын жазышууда.

Видеону ушул шилтеме аркылуу кирип көрө аласыз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>