Орусия Кыргызстанды COVID-19 жаңы түрүнө каршы вакцина менен камсыздоо маселесин карап жатат

Орусия Кыргызстанды COVID-19 жаңы түрүнө каршы вакцина менен камсыздоо маселесин карап жатат

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-сентябрда Орусиянын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Ал өлкөгө Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-Орус Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына катышууга делегацияны баштап келген.

Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) алкагында кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги жөнүндө пикир алышуу болду.

Президент гуманитардык жардам жана орто жана чакан бизнести колдоо үчүн Евразиялык фонддун линиясы менен 100 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыя бөлгөндүгү үчүн Орусия тарапка дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Мындан сырткары, Орусия Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары коронавирус инфекциясынын жаңы тибине каршы россиялык вакцинаны Кыргызстанга жеткирүү маселеси артыкчылыктуу тартипте карала тургандыгын кошумчалады.

Тараптар эки жактын тең кызыкчылыгын көздөгөн багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>