Орусия Ооганстандан 22 тажик жаранын эвакуациялады

Орусия Ооганстандан 22 тажик жаранын эвакуациялады

Орусиянын Коргоо министрлигинин атайын учагы менен Ооганстандан 22 тажик жараны эвакуацияланды. Бул тууралуу «Азия-Плюс» агенттиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) шилтеме кылып кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Тажикстандын Кабулдагы элчилигине жардам сурап 30 тажик жараны кайрылган. «Тажикстандын 22 жараны эвакуацияланды. Калган жарандар документтери даяр болгондон кийин мекенине жеткирилет», — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

25-августта Орусиянын аскердик авиациясы президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен Ооганстандан 500дөн ашык кишини эвакуациялаганы кабарланган. Алардын арасында Орусиянын жарандарынан тышкары Жамааттык Коопсуздук Келишим уюумуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн жана Украинанын жарандары да болгон.

26-августта Кыргызстан ТИМи Орусиянын колдоосу менен Ооганстандан 10 кыргыз жараны эвакуацияланганын билдирген.

«Талибан» кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялаган. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>