Орусия: Полициядан токмок жеген кыргыз жараны боюнча жаңы видео тарады

Орусия: Полициядан токмок жеген кыргыз жараны боюнча жаңы видео тарады

Орусияда полиция тарабынан ур-токмокко алынган кыргыз жараны күч органдарына эч кандай каршылык көрсөткөн эмес. Бул туурасында Ринат Усупбаев аттуу жаран социалдык тармактардагы баракчасына видео кайрылуусун чыгарды.

Анын айтуусунда, 2-ноябрь күнү полиция тепкиге алып жаткан кезде жанында болгон. Ошол жараянды толугу менен видеого тартып алган. Окуя болоордун алдында документтерин сураган, жабырлануучу бардык документтерин сылык түрдө гана берген. Эч кандай кайым-айтышуу же мыйзам бузулган эмес.

Видео тарткан эки кыргыз жараны Орусия полициясы тарабынан кысымга кабылган учурлар көп кездешээрин, бул жагдайга көңүл бурбай жаткан Кыргызстандын Орусиядагы элчилигин сынга алды.

 

Буга чейин элчилик полиция тарабынан ур-токмокко алынганы айткан. Ага чейин полиция тарабынан мыкаачылык менен кыргыз жараны сабалганы кабарланган болчу.

Элчилик: Орусияда полиция кыргыз жаранына күч колдонгон

Орусия: Полиция кыргызстандыкты мыкаачылык менен сабады — видео

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>