Орусияда беш жылда саясий туткундардын саны беш эсеге көбөйдү

Орусияда беш жылда саясий туткундардын саны беш эсеге көбөйдү

Укук коргоочулар Орусияда бери дегенде эле 420 саясий туткун бар экенин ырасташууда. Бул тууралуу «Медуза» басылмасы орусиялык «Мемориал» укук коргоо борборуна шилтеме жасоо менен билдирди.

2016-жылы саясий туткундардын саны жүзгө да жетчү эмес.

«Мемориалдын» тизмесиндеги 420 кишинин арасынан 360ы диний себептерден улам куугунтукталган. Негизинен алар – Орусияда тыюу салынган исламчыл уюмдардын жана өлкөдө экстремисттик уюмдардын катарына киргизилген «Жахаба күбөлөрүнүн» мүчөлөрү.

Саясий туткундардын саны диний мотивдерден улам куугунтуктоолордун эсебинен көбөйүүдө. Бирок «Мемориал» белгилегендей, былтыр ноябрда Орусияда «репрессиялык толкун» башталып, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жана анын бир нече тарапташы түрмөгө камалган.

Орусияда саясий туткундардын саны мындан бир нече эсеге көп, болгону алар мониторингге кирбей калган. Бул тууралуу «Мемориалдын» саясий туткундарды колдоо багытынын жетекчиси Сергей Давидис билдирди. Уюмдун эсебинде Советтер Союзу ыдырар алдында да азыркыдай көп куугунтукталгандар болгон эмес. Маселен, КПССтин башкы катчысы Михаил Горбачевдун тапшырмасы менен абактан бошотулган саясий туткундардын саны ошол кезде 700дөй болгон.

«Медуза» Орусияда чет өлкөлүк тыңчы аталган ЖМКлардын бири. Баслма бул чечимге макул болбой сотко арызданган. «Мемориал» укук коргоо борбору да чет өлкөлүк агенттердин тизмесине киргизилген. Уюм да бул чечимге макул эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>