Орусияда COVID-19га каршы вакцинанын алгачкы партиясы жарандык колдонууга чыгарылды

Орусияда COVID-19га каршы вакцинанын алгачкы партиясы жарандык колдонууга чыгарылды

Орусиянын «Спутник V» деген аталышка ээ болгон коронавируска каршы вакцинасынын алгачкы партиясы жарандык колдонууга чыгарылды. Бул тууралуу Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө вакцина сапаты боюнча бардык зарыл лабораториялык сыноолордон өткөрүлгөнү жазылган. Жакында анын алгачкы партиясы аймактарга жеткирилиши керек.

Орусияда коронавируска каршы жапырт эмдөө иштерин быйыл октябрда баштоо пландалууда. Бүгүнкү күндө вакцина каттоодон кийинки сыноолордон өткөрүлүп жатат. 40 миң киши катышуусу керек болгон бул сыноолор эки айдан алты айга чейин созулушу мүмкүн.

COVID-19га каршы эң алгачкы орусиялык вакцина каттоодон өтүп, «Спутник V» деген аталышка ээ болгонун президент Владимир Путин 11-августта билдирген. Ага чейин Орусиялык фармацевтикалык компаниялар клиникалык сыноонун үчүнчү баскычына чейин вакцинаны каттоого албай турууга чакырышкан. «Дарыгердин маалымдамасы» сервиси жүргүзгөн сурамжылоого катышкан дарыгерлердин жарымынан көбү бул вакцинага ишенбей тургандыктарын билдиришкен.

Вакцина 15-августтан тартып Николай Гамалея атындагы илимий борбордо жана «Биннофарм» компаниясында өндүрүлө баштаган.

Тэги: вакцина

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>