Орусияда эмгек мигранттары ДНК тапшырууга милдеттендирилет

Орусияда эмгек мигранттары ДНК тапшырууга милдеттендирилет

Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин жакынкы чет өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттары үчүн милдеттүү геномдук каттоо киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал «Интерфакска» билдирди.

Мындан тышкары Бастрыкин «бардык миграция формаларын, чет өлкөлүктөрдү каттоо нормаларын кайра жазып чыгууну» жана «мигранттарды каттоо эрежелерин, алардан манжа издерин алуу жана көзөмөлдөөнүн башка түрлөрүн аныктоону» сунуштады.

«Мындай чаралар миграциялык процесстерди көзөмөлгө алууну күчөтүп, биздин эмгек рыногубузга криминалдык элементтердин кирүүсүнө кошумча барьер болот, алар жасаган кылмыштардын бетин ачууга жардам берет», – деди Бастрыкин.

Тергөө комитетинин башчысы 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында мекеме чет өлкөлүктөр жасаган 17 миңдей кылмыш ишин иликтегенин, 2021-жылы ушул эле мөөнөттө бул сан 19 миңди түзгөнүн белгиледи.

2008-жылы кабыл алынган геномдук каттоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык, мындай процедура Орусияда оор же өтө оор, мындан тышкары жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыш жасагандарга колдонулат. ДНК үлгүлөрү тергөө аракеттери жана сөөктүн тек жайын аныктоо учурунда алынат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>