Орусияда Кыргызстандын жасалма паспорттору менен эмгектенип жүргөндөр аныкталды

Орусияда Кыргызстандын жасалма паспорттору менен эмгектенип жүргөндөр аныкталды

Орусиянын аймагында Кыргызстандын жасалма жалпы жарандык паспортун жана жасалма айдоочулук күбөлүгүн колдонуп жүргөндөр аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жасалма документтерди мыйзамсыз алгандан кийин алар жүргүнчүлөрдү ташып, эмгектенип жүрүшкөн.

— 1988-жылы туулган Т.У. аттуу Ош облусунун тургуну убактысы өтүп кеткен (ID-card) паспорт менен маалыматы жок айдоочулук күбөлүктү колдонуп жүргөн;

— 1997-жылы туулган С.А. аттуу Ош облусунун тургуну башка жаранга тиешелүү ПИН номурлуу айдоочулук күбөлүктү колдонуп жүргөн;

— 1989-жылы туулган Р.Б. аттуу Талас облусунун тургуну убактысы узартылган жасалма айдоочулук күбөлүктү колдонуп жүргөн;

— 1996-жылы туулган Б.С. аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну убактысы узартылган жасалма айдоочулук күбөлүктү колдонуп жүргөн;

— 1996-жылы туулган А.С. аттуу Ысык-Көл облусунун тургуну маалыматы жок айдоочулук күбөлүктү колдонуп жүргөндүгү аныкталган.

Жогорудагы фактылар боюнча Орусиянын аймактык полиция бөлүмдөрү тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, жасалма документтерди колдонгондордун иш-аракеттерине карата кылмыш белгилери аныкталган.

Азыркы учурда жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар башка жактарды дагы аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө жана тергөө амалдары жүрүүдө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>