Орусияда селфиге түшөм деген аял жардан кулап каза болду

Орусияда селфиге түшөм деген аял жардан кулап каза болду

Орусиянын Красноярск аймагында өзүн-өзүн сүрөткө тартам деген аялдын окуясы өлүм менен аяктады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыккан.

Каргаша 7-июль күнү Курагинск районунда катталган. Эс алууга келген эки аял тоого чыгып, табияттын койнунда сүрөткө түшөлү дешкен. Алардын бири селфи жасап жатып 50 метрлик жардан кулап, кырсык болгон жерде каза болгон.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, аялдын денесин полиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>