Орусияда учуучу такси сыноодон өтүүдө

Орусияда учуучу такси сыноодон өтүүдө

Орусиянын Москва шаарында учуучу такси сыноодон өтүүдө. Бул тууралуу Орусиянын «Мир» телеканалы материал даярдаган.

Маалыматка караганда, 2 жүргүнчүгө ылайыкташкан учуучу аппаратты даярдоо мындан 2 жыл мурун башталган.

Бул учуучу такси 300 килограммга чейинки салмакты көтөрүүгө, 150 метр бийиктикке чейин учууга, ошол эле кезде ылдамдыкты саатына 200  чакырымга чейин көтөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Ошондой эле бул аппарат конуп, учууда көп кыйынчылыктарды жаратпайт, кадимки автоунаа ээлегенчелик аянтка конуп, кайра учуп кете алат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>