Орусиядан жашырынып жүргөн кылмышкерлер табылды

Орусиядан жашырынып жүргөн кылмышкерлер табылды

Ош облусунун тургуну 1989-жылы туулган А.К. Санкт-Петербург шаарында аныкталып, кармалган.  өзгөчө алдамчылыкка барганы үчүн 2021-жылдын май айынан баштап мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Бөгөт коюу чарасы -«камакка алуу». Издөөгө алган тарапка маалымат берилип, кармалган жаран Санкт-Петербургдагы тергөө абагына киргизилген. Учурда алып келүү маселеси чечилүүдө.

Жалал-Абад облусунун тургуну 1985-жылы туулган  К.М. аныкталып, кармалган. 2020-жылдын август айында чоң алдамчылыкка барганы үчүн  мамлекеттер аралык издөө жарыялаган. Издөөгө алган тарапка маалымат берилип, кармалган жаран Москва шаарынын тергөө абагына киргизилген, учурда экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

Жалал-Абад облусунун тургуну 1991-жылы туулган Ш.Ф. кылмышы аныкталып, кармалган. 2016-жылдын октябрь айында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өткөндүгү аныкталып мамлекеттер аралык издөө жарыялаган. Издөөгө алган тарапка маалымат берилип, кармалган жаран Москва шаарынын тергөө абагына киргизилген,учурда экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

Ош облусунун тургуну 1980-жылы туулган Ч.У. 16  жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо менен издөөдө жүргөн. Кылмыш иши 1998-жылдын ноябрь айында козголгон.

Алимент төлөбөгөндүгү үчүн 2019-жылдын апрель айынан бери Ош облусунун тургуну 1989-жылы туулган Б.К. кармалган.

2009-жылдын февраль айында мамлекеттер аралык издөөгө алынган Чүй облусунун тургуну 1971-жылы туулган М.К. аныкталып, кармалды. Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу фактысы менен издөөгө алынган.

Жалал-Абад облусунун тургуну 1987-жылы туулган А.А. кармалган. Алдамчылык кылмышты жасагандыгы үчүн 2019-жылдын декабрь айында мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Учурда бардык издөөгө алган тараптарга маалымдамалар берилип, андан ары жоопко тартуу маселелери каралууда. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>