Орусиялык блогерлер Кыргызстан туурасында тасма тартты

Орусиялык блогерлер Кыргызстан туурасында тасма тартты

Орусиялык белгилүү блогерлер Виталик менен Лиза Кыргызстан туурасында тасмасын ютуб каналына жүктөштү.

Алар «Своим ходом» долбоорун ишке ашырышууда. 40 мүнөттүн ичинде Чуңкурчак коктусу менен Ала-Арча капчыгайын көрсөтүшкөн. Тоолорго, карагайлар жана жаныбарларга кызыгышкан. Айрыкча Чуңкурчактагы боз үйлөргө абдан баа беришкен.

Жол тандабасты 10 күнгө ижарага алышкан. Кийин Ысык-Көлдү тартаарын айтышты.

Видео бүгүн жарыяланды. Ушул тапта 18 миңдей киши көрдү. Алыста жашап жаткан кыргызстандыктардан тарта КМШ өлкөлөрдөн көрөрмандар Кыргызстанга суктангандарын билдиришүүдө. Бул ютуб каналында 431 миң катталуучусу бар экен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>