Орусиянын абактарында Кыргызстандын 1293 жараны кылмыш жазасын өтөп жатат

Орусиянын абактарында Кыргызстандын 1293 жараны кылмыш жазасын өтөп жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотонов эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо чараларын күчөтүү, айрыкча чет өлкөлөрдүн түрмөлөрүндө жаткан жарандарга юридикалык жардам берүү зарылдыгына токтолду.

«Менимче, Акыйкатчы чет өлкөлөрдө, өзгөчө кыргыз жарандары көп жүргөн Орусияда өзүнүн өкүлчүлүгүн ачуу зарыл. Албетте, каржылык жактан кыйынчылыктар бар, бирок бекер иштеп берейин деген жарандарыбыз деле жок эмес. Азырынча ошондой мигранттарды ишке тартыш керек», — деди депутат.

Акыйкатчы Токон Мамытов ушу тапта Орусиянын аймагында 710 миӊ кыргыз жараны иштеп жана жашап жатканын, өзү дагы буга чейин 3-4 жолур барып, тийиштүү органдардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенин эске салып, чет өлкөлөрдө өкүлчүлүктөрдү ачуу ниети бар экенин, кошумча шататтарды кармоо үчүн каражат республикалык бюджет аркылуу чечиле турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Орусияда 1293, Казакстанда 241, Өзбекстанда 64 кыргыз жараны кылмыш мөөнөтүн өтөп жатат. Алар негизинен маӊзат жүгүртүү, зордук-зомбулук, алдамчылык беренелери боюнча соттолгондор болуп саналат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>