Орусиянын Красноярск крайында ок-дары сакталган кампада жарылуу болду. Тургундар эвакуацияланып жатат

Орусиянын Красноярск крайында ок-дары сакталган кампада жарылуу болду. Тургундар эвакуацияланып жатат

Орусиянын Красноярск крайындагы Ачин районунда ок-дары сакталган кампада жарылуу башталып, жергиликтүү тургундар эвакуацияланып жатат. Бул тууралуу аймактын губернатору Александр Усс билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Учурда болжолдуу маалыматтар боюнча жарылуудан 8ге чейин адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Жарылуунун себеби бийликтин урууксааты жок айтылбай турганын билдиришти.

«Зыянга учурашы мүмкүн болгон айрым ишканалардын коопсуздугуна көңүл буруп, федералдык трассадагы кыймылды камсыз кылуу керек», — деди губернатор.

5-августта Красноярск крайынын Ачин районундагы ок-дары сакталган кампада өрт чыккан. ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, өрт 125 жана 152 калибрдеги 40 миңге жакын артиллериялык снаряд жайгашкан эки аянтка жайылган.

Кампа Ачин шаарынан 10 чакырым алыстыктагы Каменка кыштагында жайгашкан.

Рубрики: ВИДЕО , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>