Ош: Үлпөт тойдо тапанча булгалаган жигит кармалды, — видео

Ош: Үлпөт тойдо тапанча булгалаган жигит кармалды, — видео

Бир нече күн мурун Ош шаарында үлпөт тойдо сейилдөөгө чыккан автоунаалардын биринен белине чейин чыгып алып тапанча булгалап бара жаткан жигиттин видеосу тараган.

Бүгүн, 14-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы аталган жигит табылып, камакка алынганын кабарлады.

“Видеону иликтеп жатып, ал баланын өздүгүн аныкташты жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалып келинди. Ал 2000- жылы туулган М. М. Аттуу жигит болуп чыкты.

Окуя 12-сентябрда, бул жигиттер тойго, Ноокат районуна бара жатканда Ош шаарына караштуу Жапалак айылынан чыга бериште видеотасмага түшүп калган. Тапанча пневматикалык болуп чыкты, тергөө тарабынан алынды. Учурда бул жарандын иш-аракетине юридикалык баа берүү үчүн Ош ШИИБнын тергөө кызматы тарабынан каралып жатат”, — деп айтылат маалыматта. 

https://www.instagram.com/p/CFC-m_Mgfxe/?utm_source=ig_web_copy_link

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>