Ош: 12 кабат үйдөн кулап 20 жаштагы кыз көз жумду    

Ош: 12 кабат үйдөн кулап 20 жаштагы кыз көз жумду    

Ош шаарында көп кабаттуу  үйлөрдүн биринен кулап кеткен кыз көз жумду. Бул туурасында Ош облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 14-январь күнү түнкү саат 03.00 чамасында Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүнүн 44-дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйүнүн 12 кабатынан, өзү жашаган үйдүн ашканасынан  20 жаштагы кыз түшүп кетип каза болду.  Ал Ош шаарындагы орто окуу жайларынын биринин 2-курсунун студенти.  Кадамжай районунун тургуну. Окуя болгон үйдө убактылуу  жашап турган.

Учурда окуянын себептери иликтенүүдө, тиешелүү күбөлөр суралууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>