Ош: Эки ирет жер силкинди

Ош: Эки ирет жер силкинди

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 19-сентябрь күнү саат 08:40та Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2 баллга чейин сезилди. Ошол эле күнү саат 21:21де жер титирөө Алай районунун Сары-Таш жана Арча-Булак айылдарында зилзала 2,5 баллга чейин жеткен.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>