Ош шаарында 100 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Ош шаарында 100 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Ош шаарында жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу  шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

100 орундуу бала бакчанын пайдубалына капсула салуу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, курулуштун сапаттуу жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди.

«Ош шаарына жыл сайын бала бакча курушубуз керек. Быйылкы жылы Юго-Восток жана Амир-Темирге бала бакча курабыз. Анткени аталган кичи райондордо бала бакча жетишсиз. Үнөмдөлгөн акчага үчүнчү бала бакчаны да куруу пландалган. Шаарда бала бакча тартыш. Ошондуктан жергиликтүү бюджеттин эсебинен бакчаларды куруп, маселени чечиш керек. Эң биринчи кезекте курулуштун сапатына көңүл бурулат» ,-деди калаа башчысы.

Мэр Амир-Темирдин жашоочулары менен да жолугушуп, жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Бала бакча ушул жылы пайлаланууга берилет. Курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 23,7 млн сом бөлүнгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>