Ош ШИИБинин жетекчиси Акылбек Мамасейитовго шаар тургуну нааразы болууда – ВИДЕО

Ош ШИИБинин жетекчиси Акылбек Мамасейитовго шаар тургуну нааразы болууда – ВИДЕО

Ош шаарынын тургуну 1 айдан бери Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгына келгенин, бирок милиция тийиштүү көңүл бурбай жатканын айтып, социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасаган.

Өзүн тааныштырбаган тургундун айтымында, ШИИБдин жетекчилери кабыл албай, 2020-жылы 3-июнда киши колду болуп өлгөн адамдын иши бүтө элек.

“Баламы киши колду болуп өлтүрүп кетишкен. Ушул иш 11 айдан бери каралбай, кайрылбаган жерим калган жок. Мындай карабаган министрлердин кимге кереги бар? Үчүнчү жолу соттук медициналык экспертизага кайрылып отурам, 4 айдан бери жыйнытыгы чыга элек, дагы деле ошону күтүңүз деп отурат. УКМКга кайрылдым, Садыр Жапаровго кайрылдым”, — дейт каза болгон баланын апасы.

Ал ошондой эле  ИИМ министри Улан Ниязбековго кайрылуу жасап, Ош шаардык милициянын жетекчиси Акылбек Мамасейитов тезинен кызматынан кетсин деп кошумчалаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>