Оштон Ысык-Көлгө алгачкы авиакаттамы ачылды

Оштон Ысык-Көлгө алгачкы авиакаттамы ачылды

Бүгүн, 28-июнда Ысык-Көлдөгү Эл аралык «Тамчы» аэропортуна Ош шаарынан келген алгачкы авиакаттамдын учагы конду. Каттамда 88 жүргүнчү келди. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

«Тез Жет» авиакомпаниясынын RG-85 учагы Ош-Тамчы багыты боюнча 88 жүргүнчүнү алып келип, Тамчы-Ош багыты боюнча 50 жүргүнчү учуп кетти. Каттам жумасына 4 жолу жүрөт. Тактап айтканда, дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү келип-кетип турат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>