Ошто 3 жашар баланы таш менен уруп өлтүргөн деп өспүрүм кармалды

Ошто 3 жашар баланы таш менен уруп өлтүргөн деп өспүрүм кармалды

Ош облусунда өспүрүм 3 жаштагы баланы өлтүрдү деп шектелүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун милициясына Ш.Ф аттуу 3 жаштагы бала жаракат менен аймактык ооруканага жаткырылды деген билдирүү келип түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча милиция кызматкерлерине, баланы унаа сүзүп,  из жашыруу максатында аны талаага таштап салышкан деп кабарланган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө 17-январь күнү анын өлүмүнө айыпталып,

Кара-Дарыя айылынын М.А. аттуу 15 жаштагы тургуну кармалган.  Тергөөнүн жүрүшүндө 3 жашар бала аны сөккөнү үчүн өспүрүм айыл четине алып чыгып, бетине чаап жибергени, эсин жоготкон наристени таш менен башка койгулап денесин камыштын арасына бекитип койгону белгилүү болгон.

Учурда өспүрүм убактылуу кармоочу жайга киргизилип, “адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>