Ошто 8 жана 9 жаштагы эки бала каналдагы сууга чөгүп кетти

Ошто 8 жана 9 жаштагы эки бала каналдагы сууга чөгүп кетти

Ош шаарындагы Араван каналына эки тестиер бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ош шаарынын Күренкеев жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде 8 жана 9 жаштагы эки бала Араван каналына түшүп кеткен.  Аларды издөө үчүн ӨКМнын куткаруучулары тартылып, 9 жашар баланын жансыз денесин табышкан. Ал эми 8 жашар баланы издөө иштери бүгүн дагы улантылып  жатат. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>