Ошто 81 жаштагы карыяны аёосуз сабаган адам кармалды

Ошто 81 жаштагы карыяны аёосуз сабаган адам кармалды

Кара-Сууда 81 жаштагы карыяны ур-тепкиге алган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 25-август күнү Кара-Суу РИИБине карыяны сабоого шектелип жаткан Кара-Суу  шаарынын 36 жаштагы тургуну М.Т үйүнө келгендиги тууралуу маалымат тушкөн.  Милиция кызматкерлери барган учурда шектүү качып кетүүгө аракет кылып, кол салып, укук коргоо кызматкерлеринин биринин денесине жараат келтирген. 

Бирок анын каршылыгына карабастан кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген

Шектүү мурда Жазык Кодексинин 266-беренеси (Эээнбаштык) боюнча айыпталып, жатса, эми ага Жазык Кодексинин 355-беренсинин (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) негизинде да сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. 

Териштирүү иштеринин натыйжасында анын мурда 2 жолу соттолгону белгилүү болгон. 

Мындан сырткары айыпталуучу сүйлөй албагандыктан дудуктардын тилин билген атайын адис чакыртылган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>