Ошто автобус, троллейбустарда жол кире эмне себептен кымбаттады?

Ошто автобус, троллейбустарда жол кире эмне себептен кымбаттады?

Ош шаарында муниципалдык транспортто электрондук билет албай, накталай төлөгөн жүргүнчүлөрдүн жол киреси кымбаттады. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Ош шаардык Муниципалдык транспорт башкармалыгынын башчысы Талант Капаров билдиргендей, кымбаттоонун себеби жүргүнчүлөрдү жаңы системага көндүрүү аракетине байланыштуу.

“Накталай төлөм болгон учурда акча айдоочунун колуна тиет да, андан ары шаардык бюджетке канчасы кетери белгисиз. Ал эми электрондук билет системасы мындай көрүнүшкө жол бербейт. Анткени электрондук билеттердин иши автоматташтырылган система аркылуу көзөмөлдөнүп турат”, — деген ал.

Жүргүнчүлөргө берилген электрондук карталар 3 түрдөн турат.

Биринчи ― жалпы жүрүнчүлөр үчүн билеттер эч кандай документсиз берилет.Ага жүргүнчүлөр бирдик жүктөгөндөй эле 36 сомдон 1000 сомго чейин салып алып, автобуска 8, троллейбуска 6 сом төлөп жүрө беришет.

Экинчиси ― мектеп окуучуларынын картасы. Аны балдар окуучу экенин тастыктаган күбөлүк менен ала алышат. Бул каратанын колдонгон окуучулуар автобус, троллейбустарда бир сомдон төлөп жүрө алышат.

Үчүнчүсү – пенсионерлердин картасы. Бул картаны Ош шаарында гана пенсияга чыккан ардагерлер күбөлүгүн көрсөтүү аркылуу ала алышат. Мындай карта менен пенсионерлер акысыз жүрүшөт.

Рубрики: КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>