Ошто “Азаттыктын” кабарчысын карактап кетишти

Ошто “Азаттыктын” кабарчысын карактап кетишти

Ош шаарында белгисиз төрт киши тарабынан «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановко кол салуу болду. Бул туурлуу аталган басылма жазып чыкты.

Маалыматка караганда, оператор Айбек Кулчуманов кезектеги теле иликтөөнүн алкагында Оштогу Ленин көчөсүндө дрон аркылуу 150 метрден жогорку бийиктиктен шаарды тартып жүргөн.

Ошол учурда спорттук дене түзүлүштөгү белгисиз адамдар басып келип,  “Райымбек Матраимовду тартууга ким тапшырма берди?” деп опузалап, Кулчумановдун видео камерасын толук комплектиси менен тартып алышкан. 

Тартып алгандардын сөзүнөн улам “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков жабдыктарды Матраимовдорго байланыштуу адамдар алып кетиши ыктымал деп болжолдогон.

Бул факты боюнча Ош шаардык милициясы «Адамдар тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык» беренеси менен иш козгоп, териштирүүнү баштаган. 

Ал эми кол салуусуна кабылган Айбек Кулчуманов  ден соолугун текшертүү үчүн Ош облустук ооруканасына кайрылган.

28-сентябрда саат  кечки сегиздер чамасында үч жигит жактоочусу менен кошо тартып алынган техниканы милицияга алып  келген. Алардын адвокаты журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Ош милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” билдиргени боюнча, журналисттин видео тартчу техникасын тартып алган экинчи тарап да арыз жазды. Азырынча алардын аты-жөнү айтылган жок. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>