Ошто эки мугалим пара менен кармалды

Ошто эки мугалим пара менен кармалды

Ош Мамлекеттик Университетинин мугалими 1200 доллар пара талап кылып, 40 миң  сом алып жаткан учурунда колго түштү. Бул тууралуу Ош милициясынынмаалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык,  46 жаштагы Ноокат районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылып, ОшМУнун окутуучусу баласын окууга киргизүү үчүн 1200 доллар пара талап кылгандыгын кабарлаган.

13-сентябрда, ОшМУнун кызматкери Ө.А. айтылган каражаттын бир бөлүгүн, 40 миң сомду Токтогул эс алуу багынан алып жаткан учурунда кармалган.

Мындан сырткары, ушундай эле факт менен Ош шаарынын Киров атындагы орто мектебинин мугалими У.И. кармалган. Ал баласын аталган мектепке өткөрүү үчүн барган энеден 2000 сом талап кылган.

Кармалган учурда аталган сумма мугалимдин жанынан чыккан. Шектүү үй камагына чыгарылды.

Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>