Ошто коронавируска чалдыккан адам ооруканада өз жанын кыйды

Ошто коронавируска чалдыккан адам ооруканада өз жанын кыйды

Ош шаарында коронавирус жуктуруп алып дарыланып жаткан бейтап оорукананын экинчи кабатынан боюн таштап каза болду. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Такталгандай, окуя 15-июль күнү саат 22:00 чамасында болгон.

Өз жанын кыйган адам Ош шаарынын Манас Ата кичи районунун 65 жаштагы тургуну экендиги аныкталган. Учурда анын өлүмүнүн себептерин иликтөө боюнча тиешелүү медициналык экспертизалар дайындалган.

Буга чейин ушул эле ооруканадан  34 жаштагы жаңы төрөгөн келин боюн таштап каза болгон. Ал  дагы коронавируска чалдыгып дарыланып жатканы айтылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>