Ошто кызганычтан улам жаш жигитти алтоолоп сабашты

Ошто кызганычтан улам жаш жигитти алтоолоп сабашты

Ош шаарында кызганычтан улам 6 жигит жалгыз адамды ур-токмокко алган. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, окуя 10-сентябрга караган түнү болгон. Анда кыз талашуудан чыккан чатактын натыйжасында 6 бала жалгыз жигитти автоунаага күч менен салып барып, сабап туруп 4500 сом акчасын алып кетишкен.

Жабырлануучу ооруканага түшсө, аны сабаган алты баланын төртөө кармалып экөөнө издөө жарыяланган.

Ур-токмокко алган балдар 23-22 жаштагы балдар болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>