Ошто мал уурулар кармалды

Ошто мал уурулар кармалды

Ош облусунун аймагында мал уурдап жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

13-октябрга караган түнү Ноокат районунун Гулистан айылынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган.  Мал ээси арызда 2 баш букасын уурдатканын, мунун кесепетинен 90 000 миң сомдук материалдык чыгым тартканын айткан.

Ноокат райондук милициясы бул ишке шектүү катары  Мирмахмудов айылынын 19 жана 21 жаштагы тургундарын кармаган. Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылат.

13-октябрь күнү Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылынын 4 тургуну милицияга кайрылган. Алар  бир нече торпок жана уйларын уурдаткандыгы тууралуу айтышкан. Алардын ар бири 75 миң сомдон 500 миң сомго чейин зыян тартышкан.

Милиция кызматкерлери  бул кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 33 жаштагы тургунун кармашкан. Райондук соттун чечими менен шектүү эки айга үй камагына алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>