Ошто маршруттук каттамдын айдоочусу кесиптешине бычак ыргытып, ал жанында өтүп бараткан кишиге тийген

Ошто маршруттук каттамдын айдоочусу кесиптешине бычак ыргытып, ал жанында өтүп бараткан кишиге тийген

Ош шаарында 11-июлда саат 11лер чамасында № 125 каттамдагы маршруттук каттамдын айдоочулары ортосунда мушташ чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Reporter.kg сайтына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, мушташка айдоочулардын жол талашуусу себеп болгон.

«Мушташ учурунда айдоочулардын бири башка айдоочуларга бычак сайып, бычак кокустан өтүп бара жаткан 1985-жылы туулган И.Д. аттуу адамдын бутуна тийген. Жаракат алган жаран ошол эле күнү милицияга арыз менен кайрылган. Учурда чырга тиешеси барлардын бардыгы аныкталды ”, — деди басма сөз кызматынан.

Окуя Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине «бейбаштык» фактысы боюнча катталып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>