Ошто окуучулардын элесин чагылдырган маникендер жолго орнотулууда

Ошто окуучулардын элесин чагылдырган маникендер жолго орнотулууда

Ошто жол кырсыктарын алдын алуу үчүн унаа жолдордун боюнда жайгашкан мектептердин алдындагы жөө өткөөлдөргө окуучулардын элесин чагылдырган маникендер орнотулууда. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай маникендер шаардын бардык орто мектептерине тапшырылды.

«Жаӊы окуу жылынын башталышы менен жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо, ошондой эле мектеп окуучуларынын арасында жол кыймылынын эрежелерин пропагандалоо максатында, шаар мектептеринде сабактарды, аӊгемелешүүлөрдү өткөрүү үчүн 15-сентябрдан баштап 15-октябрга чейин бир айлык “Салам мектеп!” рейдтик иш-чарасы өткөрүлмөкчү»,- деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кенешинин кызматкерлери менен биргеликте алгачкы класстардын окуучуларына жол коопсуздугун алдын алуу, жолдо коопсуз жүрүү жана жол эрежесин үйрөтүү багытында сабактарды өтүүдө жана балдарын алгачкы класска жетелеп келген ата-энелерге окуучулардын коопсуздугу үчүн үйгө барып келүүчү коопсуз маршруттарын, коопсуз жөө жүрүүчү жолдорду үйрөтүү керектигин жеткирүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>