Ошто сибирь жарасына шектелгендер айыгып, учурда ооруканада бирөө эле калды

Ошто сибирь жарасына шектелгендер айыгып, учурда ооруканада бирөө эле калды

Мурда Ош облустук бириккен ооруканасына сибирь жарасы менен ооруканага жаткырылган Ош облусунун Тогуз-Булак айылынын тургундары канааттандыраарлык абалда ооруканадан чыгарылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ооруканага жаткырылган сегиз бейтаптын ичинен күйдүргү бир кишиге гана тастыкталды, калгандары лабораториялык текшерүүлөргө терс белгини көрсөттү.

Аталган айылда 288 тургун жашайт, алардын бардыгында оорунун белгилери жок.

Эпидемияга каршы иш-чаралар улантылууда.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги сибирь жарасы (теринин формасы) шек менен сегиз адам Ош шаардык ооруканасына жаткырылганын маалымдаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>