Ошто түндө 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ошто түндө 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунда 28-сентябрь күнү саат 02:32де очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Алай районунун Ачык-Суу, Жайылма, Кашка-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>