Ошто “Ыйман Нуру” партиясы добуш сатып алууга шектелүүдө

Ошто “Ыйман Нуру” партиясы добуш сатып алууга шектелүүдө

24-ноябрда Ош шаардык милиция тарабынан  Ош шаарынын аймагында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо боюнча «Ыйман Нуру» саясий партиясына добуш берүүлөрү үчүн ар бир шайлоочуну сатып алуу максатында акча каражаттары таратылгандыгы аныкталган.  Бул туурасында Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда,  Ош шаарынын Автозоводская көчөсүнүн 39 жаштагы тургуну, “Ыйман Нуру” саясий партиясынын үгүттөөчүсүмүн — деп өзүн тааныштырган М. И. тергөө аракеттеринин жүрүшүндө аталган окуя боюнча суралды. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө, “Ыйман Нуру” саясий партиясында келишимдин негизинде үгүттөөчү болуп иштеп жаткандыгын жана 2021-жылдын 22-ноябрында “Алмагул” аттуу штаб башчысынан шайлоочуларды сатып алуу максатында кырк миң (40.000) сом алгандыгын жана 24-ноябрда аталган акча каражаттарды Ош шаарынын Латипжанов көчөсүндө жашаган шайлоочуларга таркатып берип жаткан жеринде  милиция кызматкерлери тарабынан кармалып калгандыгын тастыктап берген.

Ошондой эле далил зат катарында М.И. башкарып жүргөн “ДЭУ-МАТИЗ” үлгүсүндөгү унаасына кароо жүргүзүлүп, натыйжада унаанын ичинен 20 даана 500 сомдук купюра, 1 даана 50 сомдук жана 1 даана 20 сомдук купюрадагы акча каражаттары, 4 даана “Ыйман Нуру” саясий партиясына таандык үгүт баракчалары далил зат катарында алынган. Тергөөгө сурак берген М.И. аталган акча каражаттарын шайлоочуларды сатып алуу максатында алгандыгын көрсөтүп жана айтып берди

Ыкчам-тергөө аракеттеринин натыйжасында, М.И. менен бирге өздөрүн “Ыйман Нуру” саясий партиясынын үгүттөөчүлөрү деп тааныштырышкан Т.Д. жана У.Н. кармалып, тергөөгө камсыз болушкан. Алар өз көрсөтмөсүндө “Алмагүл” аттуу штаб башчысынан үгүттөөчү катары айлык маянасы үчүн 10.000 сом жана шайлоочунун добушун сатып алуу максатында акча каражаттарын алгандыгын, ал акча каражаттарын Латипжанов көчөсүнүн тургуну Т.Л. аттуу шайлоочуга добуш берүү үчүн беришкендигин билдиришкен.

Ошондой эле сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында М.И., Н.У. жашаган батирлерине жана Ош шаарына караштуу Туран кичи шаарчасынын Автозоводская көчөсүндө орун алган “Ыйман Нуру” саясий партиясына таандык болгон штабына тинтүү жүргүзүлүп ар түркүн багыттагы баракчалар, дептерлер жана акча каражаттары алынган.

Ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө “Ыйман Нуру” саясий партиясынын штабынын жетекчиси”, — деп айтылган “Алмагүл” аттуу жарандын өздүгү аныкталып, ал 49 жаштагы А.А. болгон. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө “Ыйман Нуру” саясий партиясынан депутаттыкка талапкердин үгүт иштерине жардам берип, штаб ачып ошол жерде жүргөндүгүн,  ар бир шайлоочунун добушуна 1000 сомдон деп акча каражаттары ортомчу жарандар аркылуу жогоруда кармалган эки жаранга берилгендигин билдирген.

Алгачкы жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында Ош шаардык башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан 1982-жылы туулган М.И., 1980-жылы туулган  Т.Д. аттуу эки жаранга  Жазык Кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен шектенүү жөнүндө кабарлама берилип, экөө тең Ош шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул факты ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>