Ошто жер талаштан техникага таш ыргытуу орун алды — видео

Ошто жер талаштан техникага таш ыргытуу орун алды — видео

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын тургундарынын арасында жер талашуу маселеси жаралууда. Бул тууралуу “Азаттык” басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Төлөйкөн айыл аймагынын Учар айылынын тургундары менен Папан айылынын тургундары эки гектардан ашуун жерди талашып жатышат. Жер Төлөйкөндө жайгашкан.

Ал эми Учар айылынын 11 тургунунун үлүш жерин Папандан келген ондон ашуун үй-бүлө айыл өкмөттүн мурдагы башчысынан сатып алганын айтышууда. Алар сугат жерге там салып алышканы белгиленип, эки тарап соттошкон. Ош облустук соту жерди үлүш ээлерине кайтаруу боюнча чечим чыгарган.

6-майда Кара-Суу райондук сот аткаруучулар келип, турак-жайларды бузууга аракет кылганда, үй ээлерибиз деген ондон ашуун адам тоскоолдук кылып буздурбай коюшкан. Үй бузууга келген техниканы көздөй таш ыргытылган.

Буга чейин Төлөйкөн жана Папан айыл аймактарынын мурдагы жетекчилери сот жообуна тартылып, келтирилген зыянды төлөп берүү милдети менен эркиндикке чыгарылган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Азаттык (kg) (@azattyk.kg)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>