Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов кызматтан алынат. Анын ордуна ким келери айтылды

Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов кызматтан алынат. Анын ордуна ким келери айтылды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматтан алынат. Бул тууралуу “Репотёрго” өздүк булактар билдирди.

Билдирүүгө таянсак, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жакынкы аралыкта кызматтан алынып, анын ордуна 34 жаштагы Мирлан Аматбеков дайындалат.

Буга башкы себеп катары Ош шаардык кеңешинин шайлоосунун жыйынтыгын жокко чыгарылганы жана эле 11-апрелде өткөн шаардык кеңештин шайлоосунда административдик ресурс колдонулганы себеп болгон. Ошондой эле өткөн жылдын октябрында анын үстүнөн бийлик өкүлдөрүнө нааразычылык каты жиберилген.

Мындан сырткары, 7 партиянын өкүлдөрү мэрди иштен алуу өтүнүчү менен кайрылган.

Белгилей кетсек, Мирланбек Аматбеков Ош шаарынын мэрлигине 2018-жылы талапкерлигин коюп өтпөй калган.

Ал эми Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан мындай маалымат жок экенин айтып, кадимки тартипте иштеп жатканын кабарлады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>