Пайдалуу кеңеш. Телефондун батарейкасын кантип үнөмдөсө болот?

Пайдалуу кеңеш. Телефондун батарейкасын кантип үнөмдөсө болот?

Сапарда жүрөсүзбү? Телефонуңуз өчөйүн де калдыбы? Жаңыңызда батареяны кубаттай турган эч нерсе жокпу? Анда бул ыкмаларды колдонуп көрүңүз. Бул тууралуу «Билесиңби» маалымат булагы жазып чыкты.

  1. Керексиз функцияларды өчүрүңүз

Азыркы учурда сизге керек эмес болгон смартфондогу функциялардын баарын өчүрүңүз. Bluetooth жана Wi-Fi’дан баштаңыз. Бирок, эсиңизде болсун, Wi-Fi аркылуу интернетке туташуу, мобилдик тармак аркылуу интернетке кирүүгө караганда батареяны бир кыйла үнөмдөйт. Жашаган жерин аныктоо, тактап айтканда GPS кереги жок болсо, өчүрүп коюңуз. Эгер 4G режимин колдонсоңуз, аны 3G-режимине которсоңуз, бир топ энергияны сактай аласыз.

  1. Экрандын жарыгын азайтыңыз

Экранды өтө караңгылатуунун кереги жок. Өзүңүзгө ыңгайлуу кылып азайтыңыз. Мисалы, айфондордо «Автояркость» деген функция бар, аны күйгүзүп койсоңуз, аппарат экрандын жарыгын өзүнө ылайыктап жөнгө салып коет. Смартфонду колдонбогон учурда экран өзү эле өчүп кала тургандай кылып тууралаңыз.

  1. Керексиз тиркемелерди өчүрүңүз

Ар бирөөбүздүн телефонубузда керек болот деп жүктөй берген ашыкча тиркелер бар. Бирок бул тиркемелер өзүнөн-өзү жаңыланып, маалыматтарды жиберип жана кабыл алып, энергияны корото берет. Дал ушундан улам, көпчүлүк жаңы аппараттын батареясы жакшы иштейт деп ойлошот. 

  1. Вибрацияны өчүрүңүз

Экранды же кнопкаларды басканда иштей турган вибрацияны өчүрүңүз. Инстаграмдан бирөө лайк баскан сайын телефонуңуздун экраны күйүүсүн каалабасаңыз, социалдык тармактардан жана тиркемелерден келген керексиз билдирүүлөрдү дагы өчүрүп салыңыз. Бул нерселер дагы батареяны үнөмдөйт.

  1. Смартфонуңузду оригинал заряд менен кубаттаңыз

Акчаны үнөмдөбөстөн, үстүнө бир аз кошуп болсо да, оригинал заряд сатып алыңыз. Себеби мындай заряд менен кубатталган батарея көпкө жетет. Мүмкүнчүлүк болгон сайын телефонуңузду кубаттап туруңуз. Жаныңызга Powerbank алып жүрсөңүз да жаман эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>