Пара алып кармалган министр Азамат Дыйканбаевдин эмгек жолу

Пара алып кармалган министр Азамат Дыйканбаевдин эмгек жолу

Бүгүн, 20-майда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара алып жатып кармалганы кабарлаган.

Азамат Дыйканбаевдин 5-майда санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалган. Жаңы кызматка келгенине эки жума болгон министрдин эмгек жолуна “Репортёр” байкоо жүргүзүп көрдү.

 

Азамат Дыйканбаев 1985-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында туулган.

Ал 2007-жылы «Тармак, байланыш жана коммуникациялар системасы» адистиги боюнча Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган.

Ал эмгек жолун 2006-жылы өкмөттүн алдындагы Улуттук байланыш агенттигинин адиси болуп баштаган. Ал жакт 2008-жылга чейин эмгектенген.

2008-2014-жылдар аралыгында өкмөттүн алдындагы Улуттук байланыш агенттигинин жетектөөчү адиси, кийин башкы адис;

2014 — өкмөттүн аппаратынын эксперти;

2014 – 2017 — Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Транском» мамлекеттик ишканасынын директору;

2017 – 2020 — Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Транском» мамлекеттик ишканасынын директору;

2020 – 2021 — Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору;

2021 — өкмөттүн алдындагы Санариптик өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызмат төрагасынын орун басары;

Ушул жылдын 5-майынан тартып министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалган болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>