Парламент Билим берүү министрине Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды

Парламент Билим берүү министрине Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеӊеш Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна көрсөтүлгөн Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды. Парламент жыйынына 111 депутат катышып, Исаковдун талапкерлигин 107 депутат колдоду.

Талапкерди депутаттарга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды.

Төрага Дастанбек Жумабеков Исаковду Билим берүү министри болуп шайланышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады.

Каныбек Исаков берилген милдетти жана ишенимди так аткара турганын билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>