Парламентте Олимп оюндарына жолдомо алган спортчуларга каражат толук берилбегени айтылды

Парламентте Олимп оюндарына жолдомо алган спортчуларга каражат толук берилбегени айтылды

Быйыл Япониянын Токио шаарында Олим оюндары өтөт. Ага катышуу үчүн 11 кыргыз спортчусу лицензия алып, алар даярдыктан өтүүдө. Шарт начар, машыктыруучулардын маянасы аз, 1 гана дарыгери бар экен. Даярдыкка Өкмөт 106 млн сом караган экен, азыр анын 16 млн сому гана берилиптир, ушу кантип болсун. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Өкмөт Олимпиаданын байгелерине ээ болгон спортчулардын байге фондуна 7 млн сом өлчөмүндө каражат караптыр. Ал жетишсиз, аны кеминде 14 млн сомго чейин көтөрүү керек. Башка өлкөлөрдү карагылачы, 1 млн долларга чейин каражат менен сыйлашат. Менимче, бул маселени да чеип берүүгө тийишпиз. Анткени, биздин спортчулар өз жетишкендиктери аркылуу Кыргызстандын эл аралык аброюн көтөрүп келет, алардан каражатты аябашыбыз керек», — деп кошумчалады депутат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>