Парламенттик шайлоонун жүрүшүнө элүүдөн ашык эл аралык байкоочу көз салат

Парламенттик шайлоонун жүрүшүнө элүүдөн ашык эл аралык байкоочу көз салат

Ушул жылдын 4-октябрында өтө турган парламенттик шайлоонун жүрүшүнө элүүдөн ашык эл аралык байкоочу көз салат. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

26-августда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын  КМШ Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңешинин башкы катчысынын орун басары Нурбек Сатвалдиев менен жолугушту. 

Жолугушууда шайлоонун жүрүшүнө  КМШ ПААнын эл аралык байкоо жүргүзүүсүнүн маселелери талкууланды.

Сатвалдиев учурда КМШ ПААнын өлкөлөрүнөн эл аралык байкоочулардын тобу түзүлүп жатканын, ага КМШ ПААнын мамлекет-катышуучуларында демократияны өнүктүрүү, парламентаризм жана шайлоо укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзүү эл аралык институтунун эксперттери дагы кирери тууралу билдирди.

Ошондой эле КМШ ПААнын байкоочулары Санкт-Петербург, Москва, Минск жана Баку шаарларындагы Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү участоктук шайлоо комиссияларынын ишине байкоо жүргүзөт.

Маалымат үчүн: 2015-жылы парламенттик шайлоонун жүрүшүн КМШ ПААдан 32 эл аралык байкоочу байкоо жүргүзгөн. 2016-жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбоору боюнча референдумда  КМШ ПААдан – 26, 2017-жылы 15-октябрда Кыргызстандын президентин шайлоодо 24 эл аралык байкоочу болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>