Партиялардын шайлоо фонддоруна 167  млн сомдон ашык каражат  түштү

Партиялардын шайлоо фонддоруна 167  млн сомдон ашык каражат  түштү

Борбордук шайлоо комиссиясынын көзөмөлдөө — текшерүү тобу саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн түзүлгөн шайлоо фонддорунун каражаттары жөнүндө маалыматы расмий сайтына жарыяланды.

«Түндүк» тутуму аркылуу банктардан алынган маалыматка ылайык, 17-ноябрга карата саясий партиялардын шайлоо фонддоруна  жалпы суммасы  167 млн. 23 миң 757 сом түшкөн. Ал эми шайлоо фонддорунан ушуга чейин  154 млн. 966 миң  679 сом сарпталган.

Шайлоого 21 саясий партия катышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>