Партиялардын шайлоого карата чыгымдары бир аптада 85%га көбөйгөн

Партиялардын шайлоого карата чыгымдары бир аптада 85%га көбөйгөн

28-августка карата 18 саясий партия парламенттик шайлоого баруу үчүн 225 млн 886.8 миң сом коротушкан. Бул маалыматты референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссия маалымдады.

21-августтагы коротулган чыгымдарга салыштырмалуу, чыгаша 85.69%га өскөн. Үгүт иштерине чыгымдарды көп короткон алдыңкы топ-3 партиянын ичине (жалпы көлөмдөн 47.5%),«Кыргызстан», «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партиялары кирген.

Партиялар Түшкөн каражат
«Кыргызстан» 43 125 420
«Биримдик» 35 732 560
«Мекеним Кыргызстан» 28 381 542
«Бир Бол» 18 264 828
«Замандаш» 14 681 417
«Ата-Мекен» 22 980 636
«Республика» 7 819 069
«Мекенчил» 6 719 090
«Чон казат» 6 038 446
Афганистан согушунун ардагерлер партиясы 6 453 160
«Ыйман Нуру» 5 511 267
«Ордо» 5 921 946
«Реформа» 6 078 218
«Социал-Демократтар» партиясы 6 967 825
«Мекен Ынтымагы» 5 964 000
«Бүтүн Кыргызстан» 5 213 945
«Нур» 33 490
«Кыргызстан жашылдар партиясы» 0

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>