Премьер-министр Кубатбек Боронов экс-президент Роза Отунбаеваны туулган күнү менен куттуктады

Премьер-министр Кубатбек Боронов экс-президент Роза Отунбаеваны туулган күнү менен куттуктады

Премьер-министр Кубатбек Боронов экс-президент Роза Отунбаеваны туулган күнү менен куттуктады

Өкмөт башчынын Отунбаевага жиберген куттуктоо катында, экс-президенттин көп кырдуу мамлекеттик ишмер катары бардык кызматтык тепкичтерди басып өткөндүгү жазылган.

«Сиз Азия элдеринин арасынан бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берген биринчи мамлекет башчы жана Борбор Азиядан чыккан алгачкы ПРЕЗИДЕНТ АЙЫМ катары дүйнөлүк тарыхта атыңыз калды. Сиз соңку Кыргызстандын тарыхый инсандарынын катарында биринчи сапта турасыз. Сиздин ысымыңыз Бириккен Улуттар Уюму, ОДКБ, ОБСЭ, ЕАЭБ ж.б ушул сыяктуу уюмдарда чыныгы «АЯЛ ЛИДЕР» деген жогорку урмат сый айтылат», — деп жазылат куттуктоо катта.

Премьер-министр Кубатбек Боронов ошондой эле Роза Отунбаеванын ар убак коомдук иштерге активдүү катышып, агартуу тармагына жана өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошуп келгендигин белгилеп өткөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан мурдагы президенти Роза Отунбаева 1950-жылы 23-августта Фрунзе шаарында туулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>